Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Орусия "чет элдик агенттерге" кирген ММКлардын тизмесин жарыялады


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Прагадагы баш кеңсеси.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Прагадагы баш кеңсеси.

Орусиянын Юстиция министрлиги "чет элдик агент" деген макамга ээ болгон маалымат каражаттарынын тизмесин жарыялады. Ага "Америка добушу", "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун бир нече долбоору жана «Настоящее время» телеканалы кирген. Тизме министрликтин сайтына жарыяланды.

Ноябрь айынын соңунда Орусияда чет жактан каржыланган маалымат каражаттарын "чет элдик агент" деп таанууга жол ачкан мыйзам кабыл алынган. Мурдараак Орусиянын Юстиция министрлиги "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна жана «Настоящее время» телеканалына алардын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизилиши мүмкүн экенин маалымдаган эскертүү жиберген. Бирок анда кандай чара көрүлөөрү так жазылган эмес.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Том Кент бул чечимдин жыйынтыгында "уюмдун Орусиядагы ишмердүүлүгү дагы көбүрөөк чектөөлөргө кабылышы мүмкүн, азырынча бул чектөөлөр тууралуу эч кандай так маалымат жок" деп билдирди.

- Биз Юстиция министрлигинин жана Орусиянын башка мекемелеринин биздин уюм тууралуу билдирүүлөрүнө кунт коюп көз салып турабыз. Ошол эле учурда биз орус тилдүү аудиториябызды так жана бейтарап маалымат менен камсыз кылууга багытталган журналисттик ишмердигибизди уланта беребиз, - деп кошумчалады "Эркин Европа/Азаттык" медиа корпорациясынын президенти Том Кент.

Америкадагы Кремль каржылаган "Russia Today” телеканалы АКШнын Юстиция министрлигинин талабына ылайык “чет элдик агент” катары кайра каттоодон өткөн соң Орусияда чет элдик маалымат каражаттарына чектөө киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Москва "жооп өздөрүнө жараша болорун" билдирип, тиешелүү мыйзам кабыл аларын эскерткен.

Евробиримдик жана бир катар эл аралык уюмдар маалымат каражаттарын «чет элдик агент» катары таанууга жана алардын ишине чектөө киргизүүгө жол берген Орусиянын мыйзамын сындап чыгышты.

XS
SM
MD
LG