Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:18

Өзбекстан бирдиктүү туристтик виза киргизди


Өзбекстандын Бухара шаары туристтер арасында өзгөчө белгилүү.

Өзбекстан бирдиктүү туристтик виза киргизди. Ал бир айга берилет жана 40 доллар турат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өзбек өкмөтүнүн алдындагы Туризмди өнүктүрүү боюнча комитеттин маалыматына таянуу менен кабарлашты. Мындай өзгөрүүлөр Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин 4-декабрда чыгарган жаңы токтомуна ылайык киргизилди.

Эми жеке иштери, саякаттоо максаты менен келген чет элдик жарандардын баарына 30 күндүк виза берилет. Мурда чет элдиктерге жети же 15 күндүк гана виза берилип, кийин аны узартуу бир катар машакаттар менен коштолуп келген.

Мурда мындай виза 60 доллар турса, жаңысынын баасы 40 долларга чейин түштү. Ошондой эле 10-15 кишиден турган туристтик топторго 15 күнгө берилчү визанын баасы бир кишиники -15 доллар, ал эми 30 күндүк визанын баасы 25 доллар турат.

Шавкат Мирзиеев бийликке 2016-жылдын сентябрь айында келген. Эксперттердин айтымында андан бери Борбор Азиянын бул өлкөсүндө бир катар жылыштар байкалууда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG