Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Эл аралык Олимпиада комитети орус спортчулары боюнча чечимин жарыялайт


Эл аралык Олимпиада комитетинин Швейцариядагы баш кеңсеси.
Эл аралык Олимпиада комитетинин Швейцариядагы баш кеңсеси.

5-декабрдын кечинде Эл аралык Олимпиада комитети орусиялык спортчуларды Пхенчангдагы Кышкы оюндарга катыштыруу маселеси боюнча өз чечимин жарыялары күтүлүүдө.

Байкоочулардын айтымында, эл аралык комитет Орусиянын бүтүндөй командасын же анын басымдуу бөлүгүн февралда баштала турган мелдештерге катышуу укугунан ажыратып коюушу мүмкүн. Бул комитеттин кызытмага байланышкан алгачкы маанилүү чечими болуп калмакчы. Буга чейин спорттун тигил же бул түрү боюнча федерациялар айрым бир спортчулардын мелдештерге катышуусун чектеп келген.

Орусиянын вице-премьер-министри Виталий Мутко Эл аралык хартияны карманууга, жалпы жазалоого жеткирбөөгө, "айыбы далилденмейинче эч кимди күнөөлөгөнгө болбойт" деген принципти унутпоого чакырды.

Чечим Самуэл Шмид жана Денис Освалддын баяндамасына таянып чыгарылмакчы. Освалддын комиссиясы орусиялык спортчулардын Сочиде 2014-жылы болгон Олимпиададагы допинг-анализдери бурмаланышын иликтеген. Анын корутундусуна ылайык Орусия ондогон медалдардан жана жалпы биринчи орундан кол жууп калды. Бир катар спортчулар өмүрүнүн аягына чейин Олимпиада оюндарына катыша албай турган болду.

Былтыркы жайкы оюндардын алдында Орусиянын жеңил атлеттери мелдештерде ат салышуу укугунан ажыратылган.

Айрым маалыматтар боюнча кызытма колдонбогон, “таза” спортчуларга нейтралдуу желектин алдында катышууга уруксат берилиши ыктымал. Башкача айтканда, Орусиянын мамлекеттик белгилери пайдаланбайт, медал тапшыруу учурунда Орусиянын гимни аткарылбайт. Риодогу жайкы оюндарда бир нече спортчу дал ушундай шартта мелдештерге чыккан.

XS
SM
MD
LG