Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Пакистандагы жардыруу алты кишинин өмүрүн алды


Вазиристан провинциясындагы жардыруу алты кишинин өмүрүн алды.
Вазиристан провинциясындагы жардыруу алты кишинин өмүрүн алды.

Пакистандык расмийлердин айтымында, Ооганстан менен чектеш Түндүк Вазиристан уруулар аймагында 5-декабрда болгон жардыруудан алты киши мерт болуп, онго чукулу жарадар болушту.

Жабыркагандардын баары жайкын тургундар. Күбөлөр бомба жол боюна токтотулган мотоциклге коюлганын айтышты.

Жарадар болгондор коңшу Банну районундагы ооруканага жеткирилди. Кандуу окуя үчүн азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

Өлкөнүн түндүк-батышында жүргүзүлгөн аскерий операциядан кийин бул аймак негизинен тынчып калса да, экстремисттик уюмдар маал-маалы менен кандуу чабуулдарды уюштуруп турушат.

XS
SM
MD
LG