Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Алмамбет Шыкмаматовдун сотунда жарыш сөз башталат


Алмамбет Шыкмаматов сотто.
Алмамбет Шыкмаматов сотто.

Бүгүн Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун сотунда жарыш сөз башталат. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгы “Азаттык” радиосуна билдирди.

Шыкмаматов 20-ноябрда жүрөк оорусуна байланыштуу бейтапканага жатып чыккан. Соттук жараян депутаттын оорусунан улам артка жылып, бүгүнкүгө белгиленген.

Буга чейинки териштирүүлөрдө кылмыш ишин козгоого негиз берген автоунаа баасы боюнча мамлекеттик жана жеке эксперттер күбө катары суралып, иштин материалдарын изилдөө аяктаган. Кезек тараптардын жарыш сөзүнө келген эле.

Алмамбет Шыкмаматовго козголгон ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап жатат. Башкы прокуратура Шыкмаматов баштаган бир нече кишиге быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча иш козгогон. Аларга "2011-жылы өз ара сүйлөшүп алып, кызматтык автоунаа сатып алыш үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган.

Шыкмаматов аялы саткан автоунаанын баасы жогорулатылганы тууралуу айыптарды четке кагып, муну "саясий куугунтук" деп баалап келет. (NT)

XS
SM
MD
LG