Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:46

Шыкмаматовдун соту: "Мерседестин" баасы талашта


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралып, анда күбөлөр суралып бүтүп, иштин материалдары менен тааныштыруу башталды.

9-10-ноябрдагы отурумда кылмыш ишин козгоого негиз берген автоунаанын баасы боюнча эксперттер күбө катары суралышты. Алардын бири - машине алып-сатуу жарнамасы жарыяланган “Автогид” гезитинин редактору Александр Удалов:

- Бизде кайсы бир машиненин баасын аныктаган адис жок. Талаш жүрүп жаткан машинени көргөн эмеспиз. Биз "Автогидде" берилген жарыялардан алып орточо баасын чыгарып беребиз. Аталган "Мерседес" үч комплектация менен чыккан. Алар Classic, Elegance, Avangarde болуп бөлүнөт. Кеп болуп жаткан “Мерседес-Бенц элеганс” 14 200, 15 000, 14 500 доллар деп бааланыптыр. Бирок ички комплектацияга жана машиненин абалына жараша баалар өзгөрүшү мүмкүн.

Автомашиналарды баалаган “Азия-Оценка” компаниясы УКМКга кеп болуп жаткан “Мерседес-Бенц Элеганс” автоунаасын 9 800, 10 200 доллар деп баалап берген.

“Азия-Оценка” компаниясы “Автогид” гезитиндеги маалыматка таянып бүтүм чыгарылды деп жазган. Бирок “Автогид” гезитинин редактору Удалов “Азия-Оценка” компаниясы машинелердин баасына суроо-талап жибергенин эстей албады.

Анткен менен мамлекеттик айыптоочу Үмүт Коңкубаева Удаловго “Автогид” гезитинде жарыяланган жарнамалар сатарман сунуштаган баа экенин айтып, "соодалашууда баалар төмөндөйбү?” деген суроо узатты.

- Сиздер жарнама-маалыматтык гезитсиңер да, туурабы? Жарыяларда көрсөткөн баалар кардарга сунуштаган бааларда же ошол суммага машине сатылабы? Демек сиздер сатарман сунуштаган баалардан бүтүм чыгардыңар. Базарда мындай суммага сатылбайт да.

Ал эми айыпталуучу депутат Алмамбет Шыкмаматов аялы саткан автоунаанын баасы жогорулатылды деген айып жокко чыкты деп эсептеп, ишти дыкат тергөө үчүн атайын кызматка автоунаанын баасын аныктап берген “Азия-Оценка” компаниясынын өкүлдөрүн күбө катары суроону соттон өтүндү:

- Ошол кездеги баалар боюнча Шыкмаматовдукундай автоунаалар 13 миңден 15 миң долларга чейин турган. Башкача айтканда тергөөнүн он миң доллар гана турат деген божомолу жокко чыкты.

Айбек Эрнис уулу
Айбек Эрнис уулу

Судья Айбек Эрнис уулу бул өтүнүчтү канааттандырып, кийинки соттук отурумда күбөнү айыпталуучу тарап камсыз кылуу чечимин чыгарды. Ошентип соттук отурум 13-ноябрга белгиленди. Негизги күбөлөр суралып бүткөндүктөн учурда иштин материалдары менен таанышуу башталды.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго жана Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиев менен Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча иш козгогон.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын ала сүйлөшүп өз аялына таандык "Мерседес-Бенц" Е320 автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан. Атайын кызмат “Азия-Оценка” ЖЧКнын эксперттери бул унаанын базар баасы ошол кезде 10 миң доллар гана болгонун эсептеп чыгышканын маалымдаган.

Алмамбет Шыкмаматов өзүнө коюлган айыпты четке кагып, муну "саясий куугунтук" деп баалап келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG