Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Шыкмаматовдун сотуна күбөлөр келбеди


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын азыркы лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча күбөлөр келбей жатканына байланыштуу Биринчи май райондук сотундагы сот процесси созулууда.

Акыркы сот отурумунда айыптоочу тарап күбөлөрдү мажбурлап алып келүү демилгесин көтөрдү.

Ошол эле учурда Шыкмаматовдун жактоочусу, кээ бир күбөлөрдү прокуратура сотко чакырууга кызыкдар эмес деп айтып чыкты.

Аптасына бирден күбө

Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралып жаткан Биринчи май райондук сотунун 23-октябрдагы отурумуна болгону бир күбө келди. Ал 2011-жылы Шыкмаматовдун аялына Daimler Chrysler машинесин саткан Магомед Расулов аттуу ишкер. Прокуратура тарабынан чакырылган күбөнүн айтуусунда, ошол маалда акча тартыштыгынан автоунааны базар баасынан арзан 12 800 долларга сатууга туура келген.

- Ошол учурда байкемдин операциясына акча керек болуп, мен машинени арзан сатып жибергем. Болбосо анын базар баасы 15 миң долларга чейин турчу. Автоунаанын сапаты аябай жакшы болчу. Сырткы көрүнүшү, техникалык абалы мыкты болгон.

"Атамекенчилердин" соттук жараяндары

"Атамекенчилердин" соттук жараяндары

Текебаев баш болгон "Ата Мекен" партиясынын төрт өкүлүнө карата сот иштери бир учурда жүрүп жатат.

Тергөөдө белгиленгендей, дал ушул Daimler Chrysler унаасы Шыкмаматовдун аялы сатып алгандан соң үч айдан кийин Эсеп палатасына тендер аркылуу сатылган унаалардын арасында болгон.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов бул жерде эч кандай мыйзам бузулган эмес, анын аялы тендерди уткан "Барат Люкс" фирмасына 13 500 долларга машинени саткан деп айтып келатат. Муну күбөлөр да бышыктап жатышат дейт депутат:

- Ушул маалга чейин айыптоонун он чакты күбөлөрү келип көрсөтмө беришти. Бардыгы тең мени көрбөгөндүгүн, мени биринчи жолу сот процессинде же телевизордон көргөнүн айтышты. Алар машинелерин фирмага сатып, акчаларын фирманын кассасынан, кассирдин колунан алып кеткенин айтып жатышат. Башкача айтканда прокурорлордун мени тендерге аралашкан деген айыптоосунун бардыгы жокко чыгып жатат.

Айыпталуучу Алмамбет Шыкмаматов кийинки келе турган күбөлөр деле "депутаттын күнөөсү жок" деп айтарына ишенип жаткандай.

Прокуратура күбөлөрдү мажбурлап алып келет

Прокуратуранын билдиргени боюнча көрсөтмө бере турган күбөлөр сотко келбей жатышат. Мындан улам мамлекеттик айыптоочу Үмүт Коңкубаева калган күбөлөрдү сотко мажбурлап чакырттыруу сунушун киргизди.

- Иш боюнча 21 күбөнү суроо каралган. Бирок кээ бирлери өлкөдөн чыгып кетсе, айрымдары келбей жатат. Алардын арасында арыз берген негизги күбө дагы бар. Ошондуктан кийинки отурумдарга аларды мажбурлап чакырышыбыз керек. Болбосо иш ошолордун айынан создугуп жатат.

Иллюстрация
Иллюстрация

Ошол эле учурда Шыкмаматовдун адвокаты Чынара Жакупбекова сотту күбөлөрдү чакырууда тең кароого үндөдү. Анын баамында айыптоочу тарап айрым күбөлөрдүн көрсөтмөсү айыпталуучунун кызыкчылыгына кызмат кылып кетет деп кайдыгер карап коюп жатат. Андай сөзсүз чакырыла турган, бирок тизмеге кирбей калган күбөлөрдүн бири - Эсеп палатасында 2011-жылы иштеген айдоочу.

- Ооба, жалпы жонунан 21 адамды күбө катары чакыруу каралган. Бирок кылмыш иштин материалында көптөгөн адамдар суралып, бирок күбө катары кирбей калыптыр. Бул ишти тең салмактуу кароо жолун бузуп жатат. Мисалы, тогуз адам күбө катары тизмеде жок. Булардын бардыгы Эсеп палатасында 2011-жылы айдоочулар болгон. Булар түздөн түз иш боюнча көрсөтмө берчү адамдар. Алардын көрсөтмөсү жок мен протоколдорду кабыл алууну соттон сурана албайм.

Депутат Шыкмаматовдун адвокаты өтүнүч келтирген күбөлөрдүн сотко келер-келбеси азырынча белгисиз. Судья Айбек Эрнис уулу бул өтүнүчтү ачык калтырып, кийинки отурумда гана чечимди айтарын билдирди.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда мекемедеги бир катар жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, "кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган. Тендер менен сатылып алынды деген беш машиненин арасында депутаттын жубайына катталган, баасы жогорулатылган автоунаа болгону жарыяланган.

"Ата Мекен" партиясы жана Шыкмаматовдун өзү бул иштерди саясий куугунтук катары баалап келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG