Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Кыргызстан Тоо гиддеринин эл аралык уюмуна мүчө болду


Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстан биринчи болуп Тоо гиддер ассоциацияларынын эл аралык федерациясына мүчө болду. Кыргызстандын Тоо гиддер ассоциациясы "USAIDдин бизнес өнүктүрүү демилгелери" аттуу долбоордун алкагында тогуз жылдан бери ушул уюмга кирүүгө аракет кылып келгенин билдирди.

Маалыматка караганда, бул мезгил аралыгында коопсуздук эрежелери, туристтерге шарт түзүү жана гиддерди окутуп-үйрөтүү боюнча иш-аракеттер жүргүзүлдү. Федерацияга мүчө болуу Кыргызстан үчүн маанилүү экени айтылууда. Мындай адам коопсуз жана эл аралык стандарттарга жооп берген тоо туризмин өнүктүрүүгө шарт түзөрү күтүлүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG