Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Бишкекте селсаяктар үчүн дагы бир баш калка ачылды

Свердлов районундагы баш калкалоочу жай Фере 34А дарегинде ачылды.
Свердлов районундагы баш калкалоочу жай Фере 34А дарегинде ачылды.

Кыш түшкөнүнө байланыштуу Бишкек шаарынын Свердлов районунда үйсүз жарандар үчүн баш калка уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

40-45 кишиге ылайыкталган жайда жылуулук, жууркан-төшөк жана башка шарттар түзүлдү. Жатакананын жашоочуларына күнүнө бир жолу кечке маал ысык тамак берилип жатат. Учурда бул жайда күнүнө 20га жакын селсаяк күн өткөрүүдө.

Жатакананын айланасындагы коопсуздукту райондук милиция көзөмөлдөйт. Жумасына эки жолу ал жактагылардын ден соолугун дарыгерлер текшерет. Баш калкалоочу жайды ысытканга жана башка чыгымдарга зарыл болгон акчаны шаардык бийлик төлөйт.

Бишкек шаардык мэриясы соңку эки жылдан бери кышкысын үйсүз жарандар үчүн баш калка уюштуруп келет. Быйыл ноябрда мындай жайлар Биринчи Май, Октябрь райондорунда да ачылган эле. Ленин районунда селсаяк аялдар жана балдар үчүн борбор көнүмүш тартипте иш алып барат.

Мэриянын маалыматына ылайык, борбордо азыр 400дөн ашуун селсаяк бар. Ачылган жатаканалар алардын жарымын гана тейлей алат. (ErN)

XS
SM
MD
LG