Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:24

7-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


7-декабрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт, кээ бир райондордо туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...+4;

Таласта түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5;

Баткенде түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...+4;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...+4;

Нарында түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...+2;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24...-29, күндүз -8...-13;

​Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -6…-8°, күндүзгү жогорку температурасы 2…4°.

XS
SM
MD
LG