Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:12

Снукерчи Мухамед Каримберди уулу Украинада эл аралык мелдешти утту


Мухамед Каримберди уулу (Кыргызстан) - Сергей Исаенко (Украина) финалдык мелдеш алдында. 5-декабрь, 2017-ж. Киев. Украина.
Мухамед Каримберди уулу (Кыргызстан) - Сергей Исаенко (Украина) финалдык мелдеш алдында. 5-декабрь, 2017-ж. Киев. Украина.

Кыргызстандык Мухамед Каримберди уулу Украинанын борбору Киев шаарында өткөн бильярддын снукер түрү боюнча “Биринчи кар” аттуу эл аралык мелдеште жеңүүчү болду. Бул тууралуу спорттун ушул түрү боюнча Кыргызстандын федерациясынын баш катчысы Шайырбек Маматокторов билдирди.

Анын айтуусунда, мелдеш 1-декабрда башталып, финалдык оюндар 5-декабрда өттү. Каримберди уулу финалда украиналык Сергей Исаенкону 4:3 эсебинде жеңип алды. Ал Кыргызстандын үч жолку чемпиону. Исаенко болсо Украинанын чемпиондугунда жети жолу жеңишке жетишкен.

Финал. "Биринчи кар" эл аралык мелдеши. Сергей Исаенко (Украина) - Мухамед Каримберди уулу (Кыргызстан) 3:4. 5-декабрь, 2017-ж. Киев, Украина.

Мухамед Каримберди уулу бул мелдеште жалпысынан тогуз беттеш өткөрдү. Алгач тайпалык оюндарда төрт беттешүү өткөрүп, бир беттешинде жеңилип, үч атаандашын утуп, өз тайпасында экинчи орун менен плей-оффко чыккан. Андан соң катары менен жеңишке жетип, жалпы мелдеште 28 фрейм топтоп, узакка созулган сериялардан 25 брейк аткарып, мелдештеги максималдуу серияны да (91 упай) чогулткан. Бул мелдештеги эң көп серия дагы (79 упай) кыргызстандык оюнчу Калысхан Сагыналиевге таандык.

Мелдешке Украина, Беларусь, Молдова, Кыргызстан жана Индия мамлекеттеринен 70ке жакын спортчу катышты. Кыргызстандан бул мелдешке төрт оюнчу барган. Алардын баары тең тайпалык оюндардан чыгышты. Шайырбек Маматокторов жарым чейрек финалда утулса, Калысхан Сагыналиев менен Сыймык Ураимов чейрек финалда жеңилип калышты.

Кыргызстанда бильярддын снукер түрү боюнча федерация 2012-жылы түзүлгөн. Акыркы эки жылдан бери кыргыз снукерчилери бир нече эл аралык мелдештерге катышып, тажрыйба топтоп жүрүшөт.

Мухамед Каримберди уулунун Киевде болгон мелдештеги жеңиши анын карьерасындагы эл аралык мелдештеги алгачкы байге болуп саналат. (ECh)

XS
SM
MD
LG