Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Баткен: ич келте боюнча 70 адамдан анализ алынды


Баткен.
Баткен.

Баткенде ич келте оорусун аныкташ үчүн жергиликтүү 70 тургундан анализ алынды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Баткен облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Нурлан Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Самаркандек айылынан бир үй-бүлөдөн апасы, кызы жана уулу ич келте дарты менен ооруканага түшкөн.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери ал үй-бүлө менен байланышта болгон 50 окуучудан жана туугандарынан, жалпысынан 70тен ашык кишиден атайын анализ алып дартты аныктоо лабораториясына жөнөткөн.

Илдет ичүүчү суу аркылуу жугушу мүмкүн болгондуктан, айылдын суусу да текшерилди. Суу таза экени аныкталды.

Самаркандек аймагында дарыгерлер үйлөрдү кыдырып, көзөмөлгө алып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Азырынча оору кайдан жукканы аныктала элек. Акыркы 15 жылдан бери аймакта бул оору каттала элек болчу. (JsA)

XS
SM
MD
LG