Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары таанышы күтүлүүдө


Израилдин Иерусалим шаарынын байыркы бөлүгүндөгү имаратта илинген желеги. 5-декабрь, 2017-жыл.
Израилдин Иерусалим шаарынын байыркы бөлүгүндөгү имаратта илинген желеги. 5-декабрь, 2017-жыл.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн маалымат каражаттарына айтканы боюнча, президент Дональд Трамп бүгүн Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, АКШ элчилигин ушул шаарга көчүрүү иштерин баштоого буйрук бергенин жарыялаганы жатат.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, АКШ элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге которуу иши үч жылдан төрт жылга чейин созулмакчы.

АКШ президентинин Иерусалимди Израилдин борбору катары таануу тууралуу чечиминен улам Жакынкы Чыгышта кыянатчылык жасалышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Бул тууралуу Палестина жана башка араб өлкөлөрүнүн лидерлери да эскертишкен.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган болсо эгер АКШ Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныса, Анкара Вашингтон менен дипломатиялык мамилесин үзөөрүн билдирди.

Иерусалимдин макамы – Израил-Палестина жаңжалынын эң талуу маселеси. Палестиндер Иерусалимди алардын болочок мамлекетинин борбору катары көрүшөт. Израил болсо Чыгыш Иерусалимди аннексиялап, шаардын баарын өз борбору катары жарыялаган. Бирок анын бул кадамын эл аралык коомчулук тааныган эмес жана дүйнө өлкөлөрүнүн көбүнүн элчиликтери Тел-Авивде жайгашкан.

Президент Трамп былтыркы шайлоо учурунда Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, АКШнын элчилигин ушул шаарга которууга убада берген.

Иерусалимди Израилдин борбору катары таануу АКШнын узак жылдардан берки саясатынын кайра каралышы болот.

Америкалык расмий өкүлдөр буга чейин Иерусалимди Израилдин борбору катары таануу - президент Трамптын шайлоо алдындагы убадасы экенин эске салып, ал бул шаардын болочок макамы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына зыян тийгизбеши керек экенин айтышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG