Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Өзбекстан менен Ооганстан темир жолду узартуучу келишим түзүштү


Ашраф Гани жана Шавкат Мирзиёев. Ташкент, 5-декабрь, 2017-жыл.
Ашраф Гани жана Шавкат Мирзиёев. Ташкент, 5-декабрь, 2017-жыл.

Эки өлкөнү туташтырган темир жолду узартуу боюнча келишим акыр-аягында Өзбекстанга деңиз портторуна түз чыгууга мүмкүнчүлүк бериши мүмкүн.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин кеңсеси жарыялагандай, ооган президенти Ашраф Ганинин Ташкенттеги иш сапарында эки тарап Мазари-Шариф - Герат темир жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Бирок курулуштун наркы жана аны ким каржылай тургандыгы айтылган жок.

Буга чейин Өзбекстан 2011-жылы өзбек-ооган чегиндеги Хайратан шаарчасы менен Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарын туташтырган кыска темир жолду өзү курган. Долбоорду Азия өнүктүрүү банкы каржылаган болчу. Ташкент ошондон бери бул темир жолду Ооганстандын түндүк-батышына, Иранга жакын Герат шаарына карай узартууга умтулуп келген.

Учурда курулуп жаткан дагы бир темир жол Гератты Иран менен туташтырат. Андыктан Мазари-Шариф – Герат темир жолунун курулушу Өзбекстанга Ирандын Перс булуңундагы порттору аркылуу жүк ташууга жол ачышы мүмкүн.

Ооган президенти Ашраф Ганинин иш сапарынын учурунда эки өлкө жыйырмадай макулдашууга кол койду. Анын ичинде жаңы электр түйүнүн куруу, Өзбекстандын айыл чарба өндүрүмүн, дары-дармегин Ооганстанга сатуу боюнча макулдашуулар бар. (UE)

XS
SM
MD
LG