Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 11:03

Жалал-Абад аэропорту бүгүн иштебей турат


Жалал-Абад аэропорту.

Жалал-Абад аэропорту аба ырайына байланыштуу иштебей турат. Бүгүн аткарыла турган Жалал-Абад - Бишкек багытындагы рейстер аткарылбай калганын "Азаттык" радиосуна аэропорттун өкүлдөрү кабарлашты.

90дон ашык жүргүнчү бир сааттай аэропорт залында күтүп отуруп, кайра кетти. Авиакаттамды аткарган "Тез Жет" авиакомпаниясы шашылыш уча турган жүргүнчүлөрдү Оштун аэропортуна жеткирип, калгандарын жума күнгө калтырды.

Бишкек - Жалал-Абад - Бишкек багыты боюнча шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү бирден рейс болот. (RsK)

XS
SM
MD
LG