Бишкектин мэриясы 6-декабрда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын ондон ашуун кызматкерин жашап жаткан жеринен күч менен чыгарып салды. Бул тууралуу ушул кызматтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, Фучик көчөсүндөгү бул төрт кабат имарат буга чейин №36 жатак абагы болчу. Кийин эки абак жайы бириктирилип, имараттын 3-4-кабаттары бош калган. Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги бош камераларды мекемеде иштеген, үйсүз кызматкерлерге убактылуу берип турган. Алар жылуулук жана башка шарттарын түзүп, он жылдан бери жашап келишкен.
Эми мэрия 20 кызматкерди жана андан тышкары дагы 20 тургунду "документи жок" деп чыгарып жатат.
Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу бөлүмүнүн төрагасынын орун басары Руслан Өмүрбеков бул имарат мэриянын балансында экенин, ал адамдар мыйзамсыз жашап жатышканын айтты. Анын маалыматы боюнча, Бишкек шаардык соту 27-сентябрда үйдү бошотуу жөнүндө чечим чыгарган, жашоочулар ошондо эле эскертүү алса да үйдү бошотпой жүрүшкөн.
Шаар бийлиги бул 40 батир кайра үй катары мамлекеттик кызматта иштеген жана мэрияда кезекте турган башка муктаж жарандарга берилерин билдирүүдө.
Ал эми үйсүз калгандар кыштын күнү барар жери жок экенин айтып нааразы болуп жатышат. (ErN)