АКШнын Олимпиада комитети 5-декабрда Лозанна шаарынан жарыяланган чечимди “күчтүү жана принципиалдуу” деп мүнөздөдү.
АКШнын Допингге каршы агенттигинин башчысы, Орусияны 2014-жылдагы Сочи Олимпиадасын “карактап” кеткени үчүн айыптап жүргөн Травис Тигарт Эл аралык Олимпиада комитетинин чечимин “таза спортчулардын эң маанилүү жеңиши” деп атады.
Орусияда спортчулардын кызытма колдонушу боюнча мамлекеттик схема бар экенин аныктаган канадалык иликтөөчү Ричард МакЛарен да Эл аралык Олимпиада комитетинин 5-декабрдагы чечимин кубаттады.
Ал эми Орусиянын расмий жана бийлик өкүлдөрү чечимди айыптап, сынга алышууда. Орусиянын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Александр Жуков чечимди “адилетсиз” деп баалады.
Эл аралык Олимпиада комитети 5-декабрдагы чечими менен Орусиянын курама командасына Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтчү кышкы Олимп оюндарына катышууга тыюу салды.
Анткен менен комитет кызытма чыкпаган "таза" спортчуларга Олимпиадада Орусиянын туусу астында эмес, бейтарап желек менен чыгууга уруксат берди.
Мындай чечим Лозаннада өткөн жыйында Самуэл Шмид менен Денис Освалддын баяндамасы каралган соң чыгарылды. Освалддын комиссиясы орусиялык спортчулардын 2014-жылкы Сочи Олимпиадасындагы допинг-анализдерин бурмалоону иликтеген.
Комитеттин чечимине ылайык, Орусиянын Спорт министрлигинин бир да өкүлүнө Түштүк Кореядагы оюндарга аккредитация берилбей турган болду.
Кайсы бир өлкө Олимпиададан четтетилген учурлар буга чейин да болгон. Бирок Улуттук Олимпиада комитетине кызытманын айынан тыюу салынган чечим алгачкы ирет чыгып отурат. (UE)