Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Малайзияда "Asia’s Got Talent" шоу сынагынын финалы болот


"Asia’s Got Talent" шоу сынагына Кыргызстандык бийчилердин "Адем" тобу катышып, финалга чыккан. Бийчилердин устаты Атай Өмүрзаковдун билдиргени боюнча, финалисттер көрүүчүлөрдүн онлайн-добушу менен тандалган. Кыргызстандык бийчилер тобу бул сынактын биринчи турунда эле жарым финалга түз жолдомо алган. Алар үч этаптан турган эл аралык сынакка быйыл август айынан бери катышып жатышат. 26-ноябрда "Адем" жарым финалдан өтүп, баш байге үчүн ат салышмай болгон. Финал 7-декабрда өтүп, жыйынтыгы 14-декабрда жарыяланат.

Шоуга жалпысынан 15 мамлекеттин өнөрпоздору катышууда. Баш байге - 100 миң доллар.

"Адем" тобу жана Атай Өмүрзаков өзгөчө бийлери менен буга чейин Европанын жана КМШнын бир катар өлкөлөрүндө сынактарга катышып, аты чыгып келатат. (NT)

XS
SM
MD
LG