Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:35

Сот “Суу кодекси” боюнча парламент токтомуна каршы арызды карайт


Кумтөр алтын кени деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашкан.

Бишкектин район аралык соту “Суу кодексине” киргизилген өзгөртүүлөрдү четке кагуу боюнча доо арызды кабыл алды. Бул тууралуу “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка караганда, сотко аталган бейөкмөт уюмдун жетекчиси Азамат Адилов кайрылып, Жогорку Кеңештин “Суу кодексин өзгөртүү жөнүндөгү” токтомун жараксыз деп табууну суранган. Коалиция документти кабыл алууда процедуралык мыйзамдар бузулгандыктан жокко чыгарылышы керек деп эсептейт. Бул иш боюнча алгачкы соттук териштирүү 20-декабрга белгиленди.

Ноябрда Жогорку Кеңеш "Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун кабыл алган, аны жыйынга катышкан 85 депутаттын 63ү колдоп берген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев документке 23-ноябрда кол койгон.

Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоорунда Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан кен казууга уруксат берүү каралган. Документ ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат. Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыккан. Алар мыйзам долбоорун өзгөртүү айлана-чөйрөгө олуттуу зыян тийгизерин айтып, аны четке кагууну талап кылып жатышат.

Бийлик "кодекс өлкөдөгү 6771 мөңгүнүн ичинен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө гана таасир тийгизет" деп билдирип жатат. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG