Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Майлуу-Сууда өз жанын кыйган окуучунун сөөгү жерге берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Майлуу-Суу шаарындагы №5 орто мектептин 8-классынын окуучусу Сүймөнкул Данияр уулунун сөөгү бүгүн коюлат. Анын асынып алганын "Кылым шамы" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Азиза Абдирасулова "Азаттык" радиосуна билдирди.

Укук коргоочунун айтымында, окуучунун сөөгү 6-декабрда эртең менен ошол эле шаардагы чоң атасынын үйүнүн жанында газдын түтүгүнө асынган абалда табылган. Окуяга мектептеги чоңсунуу себеп болгон деген божомол бар:

- Асынган баланы төрөлгөндөн бери билем. Аябай жоош, сабакты жакшы окуган бала болчу. Менимче, анда акча жагынан проблема пайда болгон. Ошонун артында рекеттер туруп атпайбы. Шаардагы кесиптик окуу жайдын балдары мектептин 10-11-класстарынын окуучуларына чоңсунуп, салык салса, алар кайра өздөрүнөн кичүүлөрдү, 8-9-класстын балдарын коркутушчу экен.

Майлуу-Суудагы №5 мектептин жанында Электр-лампа заводунун кесиптик-техникалык окуу жайы жайгашкан. Мектептин жана сөз болуп жаткан окуу жайдын жетекчилигинен, милициядан окуя боюнча комментарий алганга мүмкүн боло элек.

XS
SM
MD
LG