Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы парламенттин вице-спикерлик кызматына талапкер көрсөтөт. Бул тууралуу ушул фракциянын өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка ылайык, азыр бул орунга депутат Мирлан Бакировдун талапкерлиги каралууда.
Депутат өзү да бул маалыматты "Азаттыкка" тастыктап, оппозициялык фракциялар бир талапкерди сунуш кылса туура болмок деген пикирин билдирди.
"Мен оппозициялык фракцияларга бир талапкерди сунуш кылайын деген ниетим бар. Аны сүйлөшүү жолу менен же жумшак рейтингдин негизинде тандасак туура болмок", - деди Бакиров.
Буга чейин вице-спикерликке “Республика-Ата Журт” фракциясынан Курманкул Зулушев менен “Ата Мекен” фракциясынан Сайдулла Нышановдун талапкерлиги каралып жатканы кабарланган.
Шаршембиде буга чейинки вице-спикер Алтынай Өмүрбекова кызматынан өз каалоосу менен кеткенин жарыялаган эле. (BkA)