Кыргыз өкмөтүндө Бишкек шаарындагы атмосфералык абанын булганышы боюнча маселе каралды. Кеңешмеге өлкөдөгү мамлекеттик органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, экология боюнча эксперттер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө автоунаалардын түтүнү жана башка зыяндуу калдыктар өлкөнүн ири шаарларында абаны булгап, элдин ден соолугуна зыян тийгизип жатканы тууралуу кеп болду.
Жыйында Бишкек жана башка шаарларда абаны тазалоо жааатындагы чараларды иштеп чыга турган жумушчу топ түзүү боюнча сунуш түштү.
Бишкектеги абанын булганып жатканы тууралуу маселе буга чейин Жогорку Кеңеште да бир нече жолу көтөрүлгөн эле. (BkA)