Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:54

“Элдик парламенттин” камактагы мүчөлөрү катаал шартта кармалганы айтылууда


Камактагылардын акталышын талап кылган акциялардын бири. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алды.
Камактагылардын акталышын талап кылган акциялардын бири. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алды.

“Саясий туткундарды коргоо комитетинин” мүчөсү Зулфия Мараттын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, өздөрүн “Элдик парламент” деп атаган кыймылдын өкүлдөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевдин туугандары алар абакта катаал шартта кармалып жатышканын кабарлашкан. Маалыматка караганда, абактагы оппозициячылар күнүнө бир жарым саат эшикке чыгарылып, калган убакта камерада кармалууда.

“Саясий туткундарды коргоо комитети” Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборго камактагылардын абалын текшерип чыгуу боюнча кайрылуу даярдап жатат.

Зулфия Марат камактагы башка оппозициячылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековго туугандары, үй-бүлөлөрү менен жолугушууга уруксат берилбей жатканын кошумчалады:

- Алар айына эки жолу көрүшүүгө укуктуу экенине карабай, Бишкек шаардык соту уруксат берген жок.

13-ноябрда Бишкек шаардык соту "Элдик парламент" кыймылынын беш мүчөсүнө карата Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Райондук сот аталган уюмдун жетекчиси, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков менен активист Төрөбай Колубаевди 14 жылга кескен, Бишкек шаардык сотунун мурдагы төрагасы Марат Султановду 10 жылга эркинен ажыраткан. Мурдагы депутат Тойгонбек Калматов жана полковник Александр Гусев алты жылга шарттуу кесилип, үй камагында калган.

"Элдик парламент" оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү 2016-жылдын майында "бийликти басып алууга ниеттенди" деген айып менен кармалган. Ошондон бери алар УКМКнын тергөө абагында кармалып келген. Ага чейин райондук сот ушундай эле айып менен былтыр мартта камакка алынган мурдагы депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга, эркин эксперт Эрнест Карыбековду 20 жылга, ал эми мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен. Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын белгилеп келишет. Эки сот тең башынан аягына чейин жабык өттү. (NT)

XS
SM
MD
LG