Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 17:04

Өзбекстанга бирөөнүн паспорту менен бараткан аял кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Чек арачылар кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кадамжай-автожол» өткөрмө бекетинен башка жарандын паспорту менен өтүп бараткан аялды кармашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Кыргызстандын башка жаранынын паспортун (ID-card) көргөзгөн аял 33 жаштагы кыргыз жараны К.А. экени аныкталды. Ал муну өзүнүн паспорту жоголуп кеткени менен түшүндүргөн. Кармалган жаран Өзбекстандагы туугандарына бараткан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган аял Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG