Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Премьер-министр эки аял алууга каршы экенин билдирди


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаков көп аял алуу демилгесин колдобойт. Бул тууралуу ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. «Мен бул көрүнүшкө терс көз караштамын. Өзүмдүн төрт кызым бар», - деди өкмөт башчысы.

Буга чейин коомчулукта эки аял алуу маселеси тууралуу талкуу күч алган. Ага мурдагы муфтий Чубак Жалилов экинчи аял алганын ачык айтып, башкаларды да үндөгөнү кошул-ташыл болгон. Ошондон улам айрым парламент депутаттары жана жарандык коом өкүлдөрү мурдагы муфтийди жоопкерчиликке чакырууну талап кылышкан.

Бул боюнча прокуратурага арыз жиберилип, ИИМ Жалилов менен эки сыйра аңгемелешүү өткөргөн.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алгандар, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашагандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат. (BkA)

XS
SM
MD
LG