Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 14:56

Кара-Көл: окуучуга сексуалдык ыдык көрсөткөн мугалим шарттуу кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында жети жаштагы окуучу кызга сексуалдык ыдык көрсөттү деп камакка алынган 44 жаштагы мугалим беш жылга шарттуу кесилди.

Мындай чечимди Кара-Көл шаардык соту кабыл алды.Облустук соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, кылмышка шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү аракеттер") беренеси менен күнөөлүү деп табылды. Ага үч жылга мугалимдик иш жүргүзүүгө тыюу салынды.

Быйыл июль айында мурда мугалим болуп иштеген адам 1-классты аяктаган окуучу кызды Кара-Көл шаарындагы жаңы салынып жаткан үйлөрдүн жер төлөсүнө алдап алып кирип, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган. Окуучу кыз бул тууралуу жакындарына билдирип, алар милицияга кайрылган соң кылмышка шектүү камакка алынган. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG