Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:09

Кызыл-Кыядагы тамеки ферменттөөчү завод жана Кайыңды кабел заводу сатыкка коюлат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун директору Дүйшөнбек Зилалиев парламентте билдирди. Анын айтымында, аталган ишканаларды баалоо жараяны аяктап, жакын арада кардар изделе баштайт.

Зилалиев бул заводдордун ишин жандандырыш үчүн каражат керек экенин билдирип, инвесторго сатып алган соң иштетүү шарты коюларын билдирди.

Маммүлктүн жетекчи Айдаркен сурма комбинатына инвестор табылганын, ал жакын арада бул ишканага 7 миллион доллар саларын кошумчалады.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG