Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:06

Өзбекстанда автозаводго Ислам Каримовдун ысымы ыйгарылды


Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримов.

Өзбекстандын Асака шаарындагы автомобил заводуна маркум президент Ислам Каримовдун ысымы ыйгарылды. Тиешелүү токтомго Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Президенттин тапшырмасы менен автозаводдун аймагында Каримовго арналган мемориалдык комплекс түзүлдү. Анда «Ислам Каримов жана Өзбекстандагы автоунаа өнөр жайынын өнүгүшү» деп аталган музей-көргөзмө ачылды.

Анжиян облусунун Асака районундагы автомобил заводу ички рынокту автоунаалар менен камысыздайт, өз өндүрүмүн сыртка да экспорттойт. Былтыр Асакадагы завод 20 жылдык мааракесин белгилеген.

Исам Каримов Өзбекстанды 1990-2016 жылдар аралыгында башкарган. Ал былтыр 2-сентябрда дүйнөдөн кайткан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG