Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Жаш хоккейчилер АКШдан жеңиш менен кайтты


Жаш хоккейчилер АКШдан жеңиш менен кайтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:37 0:00

АКШнын Чикаго шаарында өткөн хоккей боюнча тогуз жашка чейинки балдардын эл аралык мелдешинде жеңишке жеткен Бишкек шаарынын курама командасы бүгүн, 8-декабрда таң эрте Манас аэропортуна келишти. Аларды Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов баштаган бир катар жетекчилер, жаш хоккейчилердин ата-энелери, жакын туугандары, күйөрмандары тосуп алышты. Barrington Ice Arena 2017 кубогуна арналган мелдеш АКШнын Чикаго шаарында 1-декабрдан 5-декабрга чейин өттү. Ага АКШ, Канада жана Кыргызстандан беш команда катышты. Бишкек шаарынын командасы төрт беттеш өткөрүп, үчөөндө жеңишке жетти. Алар финалда Чикагонун Ice Dogs командасын буллиттин эсебинде утуп кубоктун ээси болушту.

XS
SM
MD
LG