Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Бишкекте өз жанын кыймакчы болгон аял куткарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында өз жанын кыйыш үчүн көпүрөдөн секирмекчи болгон аял куткарылды. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милиция кызматкерлери кабарлашкандай, Ала-Арча суусунун Жибек Жолу көчөсү аркылуу өткөн жериндеги көпүрөдөн болжолдуу түрдө 30 жаштагы аялдын секирүүгө камынып жатканын милиция кызматкери көрүп калган. Милиционер ага байкатпастан жанына барып, аны кармап калууга жетишкен.

Куткарылган аял Аламүдүн районунун тургуну экендиги аныкталган. Ошондой эле ал психоневрологиялык диспансердин каттоосунда турары такталган. Шаардык ички иштер башкармалыгы ал аял туугандарына жиберилгенин кабарлады. (ErN)

XS
SM
MD
LG