Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев маалымат жыйынын өткөрүп, жашы жете электерге карата зомбулук кылгандардын жазасын күчөтүүнү сунуш кылды. Анын айтымында, балдарга карата зомбулук боюнча козголгон кылмыш иштеринин жарымынан көбү жазасыз калат. Ал эми кылмышка шектүүлөр сүйлөшүү жол менен анча оор эмес жазага тартылат.
Буга байланыштуу акыйкатчы парламентке Кылмыш кодексиндеги жашы жете электерге карата зомбулук үчүн жазаны күчөтүу боюнча сунуштарын жөнөткөнүн кабарлады.
2017-жылдын биринчи жарымында эле балдарга каршы жасалган 400дөн ашуун зомбулук катталган. Жогорку Кеңеште балдардын укугун коргош үчүн Кылмыш кодекси менен Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу талкуу эки жылдан бери уланып келет.