Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Атыр Абдрахматова БШКнын жетекчисинин орун басарлыгынан алынды


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова кызматынан алынды. Мындай чечим БШКнын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Абдрахматованы төрайымдын орун басарлыгынан алуу боюнча БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев демилге көтөрдү. Анын айтымында, Атыр Абдрахматова шайлоо компаниясынын жүрүшүндө БШКнын башка мүчөлөрүнүн кадыр-баркына шек келтирген. БШКнын сегиз мүчөсү бул сунушту колдоп, добуш берди.

Мындан ары “Республика-Ата-Журт” фракциясынан көрсөтүлгөн Абдрахматова Боршайкомдун мүчөсү катары ишин уланта берет.

Атыр Абдрахматова быйылкы президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө БШКнын ишмердигиндеги бир катар мыйзам бузууу фактылары боюнча маселелерди көтөрүп чыккан эле.

XS
SM
MD
LG