Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Депутат Салянованын инисин өлтүргөн кылмышкерлер кармала элек


Кылмыш болгон Улан Саляновдун үйү.
Кылмыш болгон Улан Саляновдун үйү.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өлтүргөндөр кармала элек. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Анын айтымында, кылмышты иликтөө жүргөнү менен милиция шектүүлөрдүн изине түшө элек. Учурда Саляновго атылган ок боюнча экспертиза жүргүзүлүп, ыкчам топ иш жүргүзүүдө.

Бул иш министр Улан Исраиловдун жеке көзөмөлүндө экенин айткан ИИМ өкүлү милиция ишти ачууга бардык аракетин көрүп жатканын кошумчалады.

Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда ​белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.

Депутат Салянова ишти иликтөө абдан жай жүрүп жатканын билдирген эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG