Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 02:10

Аргентинанын экс-президенти чыккынчылык боюнча айыпталууда


Аргентинанын мурдагы президенти Кристина да Киршнер.

Бейшембиде Аргентина соту мурдагы президент Кристина де Киршнерге "мамлекеттик чыккынчылык кылган" деген айып такты. Бирок Киршнер учурда сенатор болгондуктан аны камакка алыш үчүн сот парламенттен аны кол тийбестигинен ажыратууну суранды.

Экс-президент башкалаа Буэнос-Айрестеги 1994-жылы болгон терактка Ирандын тиешеси бар экенин жашыргандыгы үчүн айыпталууда. Ал окуя 85 кишинин өмүрүн алган. Сот ошондой эле Киршнердин үч миллионго чукул активдерин камакка алууну сунуш кылды.

Тергөө маалыматтарына ылайык, Киршнер президент кезинде Ирандын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, Тегерандын терактка тиешеси бар экенин жашырган.

Киршнер Түштүк Америкадагы бул өлкөнү 2007-2015-жылдары башкарган. Ага коррупция боюнча да бир катар айыптар тагылууда. Башкалаада өткөн митингде 64 жаштагы Киршнер өзүн саясий куугунтуктун курмандыгы деп атады.

Сенат 60 күн ичинде өз чечимин чыгарышы керек.

Кристина де Киршнер президенттикти өз күйөөсү Нестор Киршнерден өткөрүп алган.

XS
SM
MD
LG