Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 17:07

Абдрахматова: БШКнын чечими айкындыкты талап кылганыма байланыштуу


БШК мүчөлөрүнүн бүгүнкү чечими - бул органда башкача ойдо болгондорго карата куугунтук. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басарлыгынан алынган Атыр Абдрахматова “Азаттыкка” ушундай пикирин билдирди. Өз айтымында, ал бул органга келгенден тартып чындыкты, мыйзамдуулукту, бейтараптуулукту талап кылып, бардык учурда мыйзамдын так аткарылышы үчүн ишмердик жүргүзгөн.

“БШКнын ишмердүүлүгү таза, акыйкат, ачык болушу керек деген позицияма байланыштуу төрайымдын орун басарлык кызматынан кетиришти. Өткөн референдумда, жергиликтүү кеңештерди жана президентти шайлоодо жөнөкөй шайлоочулардын укуктарын так сактоону, шайлоого катышкан талапкер же саясий партия болобу, аларга тең, бирдей мыйзамдуу мамиле кылууну, мыйзамдуу чечимдерди кабыл алууну талап кылып, административдик ресурска каршы чыктым. Шайлоо учурунда ишиме бут тосуу, каралоо сыяктуу чагым уюштуруп келишти”, - деди Атыр Абдрахматова.

Бүгүн, 8-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова кызматынан алынды. Мындай чечим Абдрахматова шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө БШКнын башка мүчөлөрүнүн кадыр-баркына шек келтиргени үчүн кабыл алынганын шайлоо комиссиясындагылар кабарлашты.

Мындан ары “Республика-Ата-Журт” фракциясынан көрсөтүлгөн Абдрахматова Боршайкомдун мүчөсү катары ишин уланта берет. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG