Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:35

ТүркПАга төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү

Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясына төрагылык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өттү.

Бишкекте өтүп жаткан жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков ТүркПА турк тилдүү өлкөлөрдүн жакындашуусун камсыздоочу маанилүү платформа экенин билдирди. Парламент төрагасы Кыргызстан уюмдун бюджетин кабыл алуудагы жана иштин натыйжалуулугун арттыруу үчүн атайын демилгелер менен чыга турганын кошумчалады.

Бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын жетинчи жыйыны өтүп жатат. Ага катышуу үчүн уюмга мүчө болгон Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын жана Кыргызстандын парламент өкүлдөрү келди.

Бул жыйынга Өзбекстан менен Венгриянын парламент өкүлдөрү биринчи жолу катышып жатышат.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG