Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

АКШ: Орусия Украинадан аскерин чыгарбаса санкциялар алынбайт


Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Москва менен Вашингтондун ортосундагы алаканы оңдоого жолтоо болуп жаткан башкы маселе катары Орусиянын Украинадагы агрессиясын көрсөттү. Бул тууралуу мамкатчы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин 7-декабрда Венада өткөн жыйынында айтты.

Тиллерсон Орусия аннексияланган Крымдан жана Украинанын чыгышынан өз аскерлерин чыгарып кетмейинче АКШ Москвага каршы киргизген санкцияларын жокко чыгарбай тургандыгын билдирди.

- Элдешүү процессинде турган эң башкы көйгөй - бул Украина. Ортобузда ар кандай тармактар боюнча пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Бирок бир өлкөнүн экинчи мамлекеттин ички ишине кийлигишүүсү - бул элдешкис нерсе. Биз бул тууралуу Орусияга башынан айтып келгенбиз.

Тиллерсон бул билдирүүдөн кийин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Бирок эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө кандай маселелер көтөрүлгөнүн айтуудан мамкатчы баш тартты. Тиллерсон Улуттар Уюмунун тынчтык миссиясын Украинанын чыгышында жайгаштыруу боюнча диалог өз нугунда уланып жатканын кошумчалады.

2014-жылдын апрелинде Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл козголоңчулардун ортосунда башталган куралдуу кагылышууларда он миңден ашуун жайкын тургун курман болду.

XS
SM
MD
LG