Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:35

Кыргызстанда кызытмага каршы мекеме түзүү каралууда

Кыргызстан кызытмага каршы мекеме түзүүгө даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу Спорт, дене тарбия жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев “Азаттык” үналгысына билдирди. Анын айтымында, учурда бул багытта жергиликтүү адистерди даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Андан соң Кыргызстандын атынан Допингге каршы эл аралык агенттикке (WADA) кайрылуу жиберилип, аталган органдын макамы аныкталат.

Спорт комитети мындай чарага акыркы жылдары өлкөдөгү спортчулардын айрымдары тыюу салынган каражаттарды колдонгону аныкталганы үчүн барууда.

2016-жылы Рио Олимпиадасында коло байгеге татыган кыргызстандык оор атлет Изат Артыков канынан кызытма болуп эсептелген стрихнин заты чыкканына байланыштуу сыйлыгынан кол жууган. Бирок кыргыз өкмөтү Иззат Артыковду мамлекеттик стипендия алган спортчулардын тизмесине киргизген. (BkA)

XS
SM
MD
LG