Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Актер Марат Козукеев дүйнө салды


Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актер Марат Козукеев 8-декабрда дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматтарга караганда, ал кант диабети менен ооруп жүргөн.

Козукеев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр, режиссёр жана көркөм жетекчи болуп эмгектенип келаткан эле. Андан тышкары кинодогу бир канча образдары менен таанылуу.

Соңку жылдары "Саманчынын жолу", "Коркут Ата" сыяктуу спектаклдерди сахналаштырып, эл аралык сынактарда ийгилик жараткан.

Марат Козукеев 1970-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Артында үч баласы калды. (SE)

XS
SM
MD
LG