Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Президенттик аппарат "Азаттыкка" ыраазычылык билдирди


Коррупцияга каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн "Азаттык" радиосуна Президенттик аппарат "Ыраазычылык кат" ыйгарды. Ал 9-декабрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында тапшырылды. Кат калыс, ыкчам кабарлар, маалыматтык колдоо жана жемкорлукка каршы турууга кошкон салымы үчүн берилгени жазылган.

Ушундай эле "Ыраазчылык каты" КТРКга да ыйгарылды.

"Азаттык" радиосу коррупциялык көрүнүштөрдү ачыктаган макалаларды аудио жана видеобаяндар аркылуу такай жарыялап келүүдө. Анын баары azattyk.org сайтына жайгаштырылат.

XS
SM
MD
LG