Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Жээнбеков жемкорлукка каршы күрөш боюнча кайрылуу жасады


Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш жаатында кайрылуу жасады. Аны 9-декабрда Президенттик апараттын Маалыматтык саясат бөлүмү таратты.

Кайрылууда акыркы жылдары жемкорлукка каршы күрөш Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын башкы багытына айланганы, ал улана берери белгиленет.

Мамлекет башчынын билдирүүсү 9-декабрь - Коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата жасалды.

Узаган аптада Жээнбеков баш прокурорду, УКМК, ИИМ жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчилерин кабыл алып, коррупцияга каршы турууну күчөтүү боюнча тапшырмаларды берген.

Тransparency International эл аралык уюмунун 2017-жылдын башындагы баяндамасына ылайык, Кыргызстан жемкорлук боюнча 176 мамлекеттин ичинде 136-орунду ээлейт.

XS
SM
MD
LG