Газа тилкесинде, Иордан дарыясынын Түндүк жээгинде жана Иерусалимдин чыгышында жарандар нааразылык акцияларын улантып жатышат. Алар Иерусалимди Израил борбору катары таануу боюнча АКШ президентинин чечимине каршылык көрсөтүп жатышат.
Иерусалимдин макамы – Израил-Палестина жаңжалынын эң талылуу маселеси.
АКШ президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, Американын элчилигин бул шаарга көчүрүү ишин баштоого буйрук бергенин 6-декабрда Ак үйдө жарыялаган. Бул билдирүү палестиналыктардын нааразылыгын жаратып, Газа тилкесинде израил армиясы менен кагылышуулар уланууда.
Палестиндерге тилектештик билдирген демонстрациялар Жакынкы Чыгыш менен мусулмандар басымдуулук кылган башка мамлекеттерде 7-декабрдан бери өтүп жатат. Акциялар Түркиянын Стамбул, Анкара шаарларында, Иорданияда, Тунисте, Пакистандын Пешевар шаарында, Малазия менен Индонезия борборлорунда, Египетте өттү.
Кыргызстан бийлиги да 8-декабрда АКШнын Иерусалим боюнча чечимине тынчсыздануу билдирген.