Бишкек шаардык кеңеши коалициялык көпчүлүктү жана жаңы спикерди бекитүү үчүн 11-декабрда кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу Шаардык кеңештин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди.
Бишкек шаардык кеңешинде беш фракциянын 45 депутаты бар. КСДПга 13, "Республика-Ата Журтка" 12, "Өнүгүү-Прогресске" сегиз, "Мекеним Кыргызстанга" жети, "Кыргызстан" фракциясына беш мандат берилген.
Алдын ала маалыматтарга караганда, коалицияга "Республика-Ата Журттан" башка фракциялар кирет.
Бишкек шаардык кеңешин шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында өткөн. Мурдагы көпчүлүк коалиция Социал-демократтар, “Республика - Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракцияларынан түзүлгөн. Оппозицияда “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары калган болчу.
Ноябрдын этегинде КСДП коалициядан чыгып, “Республика – Ата Журт” фракциясы оппозицияда калуу тууралуу чечим кабыл алган.