Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Шаардык кеңеште жаңы коалиция түзүлөт


Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыкты. Ал эми “Республика – Ата Журт” фракциясы оппозицияда калуу тууралуу чечим кабыл алды.

КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгуу кадамын башка коалиция түзүп, жаңы форматта иш алып барууну көздөп жатканы менен түшүндүрүүдө.

Фракция лидери Алмаз Кененбаев башкаруучу көпчүлүк конструктивдүү жана иштиктүү болушу керек экенин айтып, жаңы курала турган коалиция боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.

- Жаңы форматта иштейли деген ой менен чечим чыкты. Алдыда койгон пландар ишке ашсын, көпчүлүк коалициянын форматын өзгөртөлү деген ой бар. Биз коалициядан чыгуу чечимин кабыл алдык. Эми сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

КСДП коалициядан чыккандан кийин “Республика - Ата Журт” фракциясы оппозицияда каларын билдирди. Бул фракциядан шаардык кеңешке төрага болгон Канатбек Мүсүралиев 30-ноябрда кызматын тапшырды.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүсүралиев.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүсүралиев.

- Биз коалиция тарагандан кийин оппозицияга кетебиз деген чечимге келдик. Бул фракциянын чечими. Ошол себептүү төрагалыкты ээлеп отурганга менин моралдык укугум жок деген позиция болду.

Мени коалиция эмес, 45 депутаттын 38и шайлаган. Аны (ред. Алмаз Кененбаев) коалиция лидери кылып шайлаганбыз. Эгерде коалиция жакшы иштей албай жатса, анда ошол кишинин кемчилиги. Мен эми азыр бул жерде саясат бар же жок деп айта албайм.

Шаардык кеңештеги саясий жүрүштөр “Республика - Ата Журт” партиясынын лидери, кийинки шайлоодо президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабановго кылмыш иши козголуп, Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери кызматынан кеткен учурларга туш келүүдө. Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова муну саясий оюн катары баалады.

- Эми баарыбыз тең эле түшүнүп жатпайбызбы, бул жерде саясий эле оюн. Менимче, ушул шаардын меселесин коалиция чечпей койду деген жок. Коалиция чогулуп кеңешкен жок. Бул КСДПнын эле чечими болду.

Анткен менен Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын лидери Алмаз Кененбаев коалициядан чыгуу тууралуу чечимде эч кандай саясат жок экенин айтып жатат.

Саясат таануучу Сейтек Качкынбай.
Саясат таануучу Сейтек Качкынбай.

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай соңку учурда дегеле жергиликтүү, шаардык кеңештердин ашкере саясатташып баратканын белгилейт.

Мындай көрүнүштөр ошол аймактын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Ал эми Бишкек шаардык кеңеши көбүнчө чарбалык иштердин аткарылышына жана шаардын өнүгүшүнө шарт түзгөн мыйзамдарды кабыл алышы керек болчу деген пикирде:

- Негизи шаардык кеңеш анчалык деле саясий орган эмес. Көбүнчө бул чарбалык, шаардын өнүгүү саясатын жүргүзүп, мэрияга кеңеш берген иш.

Бишкек шаардык кеңешин шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында өткөн. Ага 14 партия ат салышып, КСДП - 13, "Республика - Ата-Журт" - 12, "Өнүгүү - Прогресс" - 8, "Мекеним Кыргызстан" - 7, "Кыргызстан" - 5 мандат менен өткөн. Көпчүлүк коалиция Социал-демократтар, “Республика - Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракцияларынан түзүлгөн. Оппозицияда “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары калган болчу.

Серепчилер бул партияларды негизинен бийликке кескин сын айта албаган саясий партия катары сыпаттап келишет. Алтынчы чакырылыштагы парламенттин курамында жогоруда аталгандардан "Мекеним Кыргызстандан” башка партиянын өкүлдөрү депутат болуп отурушат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG