Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Таш-Көмүр: шаардык кеңештен ырк кетти


Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары мэр шайлоодо бириге албай экинчи ирет мөөнөтүнөн мурда тараганы турат.

Өткөн аптанын аягына белгиленген шаар башчысын шайлоого кээ бир партиялардын депутаттары келбей коюшкан. Адистер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин депутаттар эмес, эл шайлаган учурда гана мындай башаламандыктар жаралмак эмес деген пикирди карманууда.

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары 21-июлда шаар башчысын шайлоодо экинчи жолу чогула албай коюшту. Шаардагы аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Токтомамат Тургунбаев керектүү документтер БШКга жөнөтүлгөнүн жана алардын шаардык кеңешти таратуу чечимин күтүп жатканын билдирди.

- Биринчи мэр шайлоо 6-июлга, кийинкиси 21-июлга белгиленген. Бирок эки жолкусунда тең кворум болбой, шайлоо өтпөй калды. Биз бул багыттагы протоколдорду БШКга жибердик. Алар үч жумушчу күн ичинде карап чыгып, чечим кабыл алышы керек. Андан соң БШК чечимин президентке жөнөтүп, өлкө башчысы тарабынан мөөнөтүнөн мурда таратуу жарлыгы чыгарылат. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамга ылайык эки жолу кворум болбой, жергиликтүү бийлик башчысы шайланбай калса, шаардык кеңеш же айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда тароого туура келет.

Кайра шайлоо убайымы башталды

Кайра шайлоо убайымы башталды

БШК 20дай жергиликтүү кеңеште шайлоону кайра өткөрүү тууралуу президент Алмазбек Атамбаевге сунуш жөнөттү. Ал арада Жалал-Абад шаардык кеңеш бир топ ызы-чуудан улам өзүн өзү таратуу тууралуу чечим кабыл алды.

31 мандаттуу Таш-Көмүр шаардык кеңеши алты фракциядан куралган. Ушул жылдын 28-майында мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Ата-Журт", "Мекеним Кыргызстан", "Республика" жана "Таш-Көмүр жаштары" партиялары жеңишке жетишкен. КСДП партиясынан мэрликке көрсөтүлгөн талапкерге айрым партиянын депутаттары макул болбой, эки жолку шайлоого тең келбей коюшкан. "Мекеним Кыргызстан" фракциясынын лидери Сманжан Бабатаев мындай деди:

- Биз КСДП фракциясы көрсөткөн шаардагы жол тейлөө ишканасынын башчысын колдобойбуз деп чечкенбиз. Анткени ал талапкер бир топ коррупциялык иштерге жол берип, кылмышын жашыруу максатында КСДПга жамынып жатат. Ошондуктан биз башынан эле каршы болуп, андай адамды мэр кылып шайлабайбыз деп сессияга барган жокпуз. Биз тарап кетүүнү да колдойбуз.

Шаардык кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратууга бардык фракциянын депутаттары ынангандай. Анткени КСДП, "Өнүгүү-Прогресс","Таш-Көмүр жаштары" бир тарап, "Ата-Журт", "Мекеним Кыргызстан", "Республика" бир тарап болуп бөлүнүп, башы бирикпей жаткан.

Төрт айдан бери шаар башчысынын милдетин аткарып келаткан Өмүрбек Бабатаев айрым адамдардын жеке кызыкчылыгынан улам шаардык кеңеште саясий кризис пайда болгонун билдирди:

- Ачыгын айтканда бул жерде бир-эки адамдын эле кызыкчылыгы болуп жатат. Мурунку саясатчылардын артына жашырынып, кээ бир Таш-Көмүрдүн мурунку жетекчилери бул иштерди жасап жатат. Мурда эч бир жерде иштебеген, акча менен келген жетекчилердин айынан да ушундай абал жаралды. Мен бардык фракциялардын лидерлерин жана аксакалдарды чакырып, аларды биригүүгө чакырдым. Бирок бардык эле биз күткөндөй болбойт экен. Ал эми шаардын турмушу өз калыбында эле жүрүп жатат.

Таш-Көмүрдө мурунку чакырылыштын депутаттары ушул жылдын январь жана февраль айларында мэрди шайлай албай, апрель айында мөөнөтүнөн мурда таратылган. Ушундай эле жагдай учурда Жалал-Абад шаардык кеңешинде да жаралууда.

Таласта төрага шайлоо создукту

Таласта төрага шайлоо создукту

Талас шаардык кеңешинин айрым депутаттары басым болуп жатканын айтып чыгышты.

Мөөнөтүнөн мурда шайланганына үч айдан өткөнү менен шаар депутаттары алгачкы сессиясына чогула элек. Алардын да мэр шайлоонун айланасында башы бирикпей жатат. "Конституциялык кеңешме үчүн" кыймылынын аткаруучу директору жана коомдук активист Рита Карасартова бул багытта мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл деп эсептейт.

- 2007-жылы жергиликтүү бийликтин башчыларын депутаттар шайлайт деген норма киргизилгенден тартып ушундай башаламандыктар болуп жатат. Кайра эле шайлоо өткөргөнү менен ошол эле партия же талапкерлер келип жатпайбы. Ошол себептүү "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Мурункудай эле айыл өкмөт башчылары менен шаар мэрлерин эл шайласын. Партиялар биригип оюн көрсөтүп, азыр бир топ шаарларда ушундай абал жаралып жатат. Бир кичинекей айылда шайлоо өткөрүүгө кеминде 500 миң сом каражат керек. Кайра шайлоо өткөрүүнүн канчалык кажети бар? Жалал-Абадда да азыр ушундай кырдаал жаралып жатат.

БШКнын чечими жана президенттин жарлыгы менен эми Таш-Көмүр шаарында жыл айланбай 3-ирет шайлоо өткөнү турат. Буга чейин 2016-жылдын 11-декабрында жана 2017-жылдын 28-майында шайланган шаардык кеңеш мөөнөтүнүн акырына чейин иштей алган жок.

Кыргызстанда 28-майда сегиз шаардык жана 33 айылдык кеңешке да шайлоо өткөн. Анын 21инде кезектеги, жыйырмасында мөөнөтүнөн мурда добуш берүү уюштурулган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG