Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:33

Бишкектеги эки ооруканага 1,1 миллион долларга жабдуу берилди


Иллюстрация

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандагы балдардын саламаттыгын коргоо долбоорунун алкагында эки ооруканага ири суммадагы заманбап жабдуулар алынды.

Жалпы суммасы 1 миллион 187 миң доллардык жабдуулар Улуттук эне жана баланы коргоо, ошондой эле Улуттук гематология жана онкология борборуна берилди.

Медициналык аппараттарды АКШ менен Канададагы Кыргызстандын элчиси Кадыр Токтогулов тапшырды. Аталган долбоор Тышкы иштер, Саламаттыкты сактоо министрликтери, Борбор Азиядагы лидерлер альянсы, PASS, ADRA, Islamic Relief, Project Cure аттуу уюмдар тарабынан ишке ашууда. Кийинки жардам Кыргызстандагы башка балдар ооруканаларына багытталары пландалган. (BCh)

XS
SM
MD
LG