Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Орусияда соода борборундагы өрттө үч өзбекстандык набыт болду


Өрт учурунда тартылган сүрөт.
Өрт учурунда тартылган сүрөт.

Москва облусунун Раменское шаарындагы соода борборунда өрт чыгып, өзбекстандык үч киши набыт болду, беш адам жараат алды. Орусиянын Тергөө комитети окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кырсыктын себеби териштирилип жатканын кабарлады.

"Аист" деп аталган соода борборунда 8-декабрда эртең менен өрт чыккан. Көз жумган жана жараат алгандардын баары өзбекстандык мигранттар экени аныкталды. Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги алардын тек-жайын тактап, сөөгүн өлкөсүнө жөнөтүү ишин уюштурууда.

2016-жылы 27-августта Москвада басмаканада чыккан өрттөн 17 киши набыт болгон, он төртү кыргызстандык кыз-келиндер эле.

XS
SM
MD
LG