Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:36

Экс-муфтийдин жубайына байланыштуу маалыматты милиция текшерет


Чубак Жалилов, диний ишмер.
Чубак Жалилов, диний ишмер.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак Жалиловдун жубайы Гүлнур Жалиловага байланышы бар деп айтылган билдирүүнүн чоо-жайын милиция иликтейт. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов кабарлап, териштирүү жүргүзүү пландалып жатканын айтты.

Диний ишмер Чубак Жалиловдун жубайы "Гүлнур Жалилова жардам сурап "Сезим" кризистик борборуна кайрылганы, өзүн жана балдарын жолдошунун зомбулугунан коргоо" тууралуу маалымат интернетке 8-декабрда тараган.

Кат анын өз колу менен жазылганбы же атайын уюштурулганбы, азырынча бышыкталган жок.

"Сезим" кризистик борбору бул боюнча кайрылуу жасап, арыз жөнүндө журналисттерге да, күч органдарына эч кандай маалымат берилбегенин, тарап кеткен катка борбордун тиешеси жоктугун билдирди. Анда "Сезимге" кайрылгандардын аты-жөнү дайыма сыр сакталары, коомчулукка жарыяланбай турганы белгиленет.

Чубак Жалилов жана жубайы менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Чубак Жалилов ноябрдын соңунда экинчи аял алганы тууралуу билдирген. Мындан кийин Жогорку Кеңештеги айрым депутат аялдар анын айткандарын текшерип, укуктук баа берүүнү талап кылышкан. "Кылым шамы" укук коргоо борбору экс-муфтийдин аракетин мыйзам бузуу деп прокуратурага кайрылган. Бишкек шаардык милициясы диний ишмерди суракка алганы тууралуу расмий кабарланган. Анда Чубак Жалилов "биринчи аялы расмий, экинчиси сүйүктүүсү" экенин билдиргени маалымдалган. (SE)

XS
SM
MD
LG