"Атам, апам жана мен" сынагы өтүп жатканын Ош шаардык билим берүү башкармалыгын усулдук борборунун жетекчиси Кумарбек Раманов билдирди.
Сынакка мектеп окуучулары жана алардын ата-энелеринен куралган топтор катышып, билим жана тарбия жаатында күч сынашууда.
- Максаты - окуучуларыбыздын ата-энелеринин билим берүү жана тарбияга кошкон салымын даңазалоо жана үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн балдарын тарбиялоодогу иш тажрыйбасын жайылтуу. Сынактын аймактык баскычы 6-декабрында өткөрүлдү. Андан жеңип чыккандар 20-декабрь күнү өтө турган сынактын финалдык баскычына катышат,- дейт Раманов.
Буга чейин Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин базасында "Ата-энелер мектеби" түзүлүп, улуу муунду мектеп турмушуна тартуу жаатында түрдүү иш-чаралар уюштурулуп келүүдө.