Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

УКМК: Риклтон виза режимин бузганы үчүн Кыргызстанга киргизилген жок


Крис Риклтон
Крис Риклтон

Франс Пресс агенттигинин кабарчысы, британиялык Крис Риклтон буга чейин виза режимин бузганы үчүн Кыргызстанга киргизилген жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Соңку жети жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп келген британиялык Крис Риклтон Кыргызстанга кире албай калганын 9-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жазган. Аны Дубай аркылуу Коломбодон келген учурда Бишкектеги "Манас" аэропортунда күч кызматкерлери өлкөгө өткөрбөй коюшкан. Ал депортация болдубу же жокпу, азыр так маалымат бериле элек.

Риклтон Кыргызстандын жаранына үйлөнгөнүн, кызы бар экенин, кыргыз бийлиги аны өлкөгө киргизет деп үмүт артарын айткан. Ал Фейсбуктагы кайрылуусун президент Сооронбай Жээнбековго жолдогон.

Риклтон Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинде окутуучу болуп эмгектенет. 2015-жылдан бери Франс Пресс агенттиги менен кызматташып, Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарын активдүү чагылдырган.

XS
SM
MD
LG